Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин
2023-жылдын 2-майындагы
№ 87 буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сыйлыктары жөнүндө жобо
(2023-жылдын 18-августундагы № 152 КР ЮМ буйругунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Юстиция органдарынын системасынын кызматкерлерин моралдык жактан стимулдаштыруужана сыйлоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана башка уюмдардын кызматкерлеринин юстиция органдарынын системасын өнүктүрүүгө кошкон салымын таануу жана аларды сыйлоо максатында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин төмөнкү сыйлыктары уюштурулган:
1) Алкыш;
2) Ардак грамота;
3) «Кызматташтык салымы үчүн» медалы;
4) «Укуктук агартуунун мыкты кызматкери» медалы;
5) Биринчи, экинчи жана үчүнчү даражадагы «Сиңирген эмгеги үчүн» медалы;
6) «Юстициянын мыкты кызматкери» төш белгиси.
2. Жарандар алардын мааракелерине байланыштуу сыйланбайт.
3. Даражалуу сыйлыктарды кошпогондо, бир эле адам бир сыйлык менен эки жолу сыйланбайт.
4. Юстиция министрлигинин кезектеги сыйлыгына юстиция органдарынын системасынын кызматкерлерин жана/же башка адамдарды көрсөтүү мурдагы сыйлык берилгенден кийин кеминде эки жылдан кийин берилиши мүмкүн.
5. Мамлекеттик органдардан кварталына 5 кызматкерден ашпаган сунуш кабыл алынат. Эгер мамлекеттик органда кызматкерлердин саны 1000 адамдан ашса, анда кварталына 10 кызматкерге сунуш кабыл алынат.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо боюнча комиссиянын жыйыны кварталда бир жолу өткөрүлөт.
Өзгөчө учурларда, комиссия кесиптик майрамдардын урматына кезексиз жыйналыш өткөрүшү мүмкүн.
2-глава. Сыйлоо шарттары
§ 1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Алкышы
7. Алкыш сыйлануучунун сиңирген эмгегин таануунун белгиси жана аны сыйлоо болуп саналат жана:
1) кынтыксыз кызматы үчүн;
2) юриспруденцияны өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн;
3) кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн жарыяланат.
8. Юстиция органдарынын системасында 1 жылдан кем эмес иштеген кызматкерлерге жана юстиция органдарынын ишине сиңирген эмгеги үчүн башка адамдарга алкыш жарыяланат.
9. Кыргыз Республикасынын юстиция министри өзгөчө учурларда юстиция органдарын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн иш стажын эске албастан алкыш жарыялашы мүмкүн.
§ 2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
Ардак грамотасы
10. Юстиция министрлигинин Ардак грамотасы менен юстиция органдарынын системасында 2 жылдан кем эмес иштеген, ошол эле учурда кызматтык ишинде жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлер, ошондой эле юстиция органдарынын ишине сиңирген эмгеги, коомдук иштердеги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы олуттуу жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана башка уюмдардын кызматкерлери сыйланат.
§ 3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
«Кызматташтык салымы үчүн» медалы
11. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Кызматташтык салымы үчүн» медалы менен юстиция органдары менен кызматташууну чыңдоо ишине жана юстиция органдарынын системасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар сыйланат.
12. «Кызматташтык салымы үчүн» медалы төштүн сол жагына тагылат.
§ 4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
«Укуктук агартуунун мыкты кызматкери» медалы
13. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Укуктук агартуунун мыкты кызматкери» медалы менен юриспруденция чөйрөсүндө 12 жылдан ашык иштеген адамдар же калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын маани-маңызы жөнүндө кеңири коомчулукка оперативдүү маалымдоо боюнча сиңирген эмгеги үчүн юридикалык адистиги боюнча 10 жана андан ашык жыл иш стажы болгон юстиция органдарынын кызматкерлери сыйланат.
14. «Укуктук агартуунун мыкты кызматкери» медалы төштүн сол жагына тагылат.
§ 5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
«Сиӊирген эмгеги үчүн» медалы
15. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Сиңирген эмгеги үчүн» медалы менен узак убакка чейинки кынтыксыз кызматы, кесипкөйлүк чеберчилиги, кызматтык иште жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги, юстиция органдарын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн юстиция органдарынын системасынын кызматкерлери жана ардагерлери сыйланат.
16. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Сиңирген эмгеги үчүн» медалынын үч даражасы бар:
1) I даражадагы «Сиңирген эмгеги үчүн» медалы;
2) II даражадагы «Сиңирген эмгеги үчүн» медалы;
3) III даражадагы «Сиңирген эмгеги үчүн» медалы.
17. Юстиция органдарынын системасынын кызматкерлери «Сиңирген эмгеги үчүн» медалы менен сыйланат.
18. «Сиңирген эмгеги үчүн» медалы менен ырааттуу түрдө:
1) III даражадагы медаль юстиция системасында 5 жылдан кем эмес иш стажы болгон;
2) II даражадагы медаль юстиция системасында 8 жылдан кем эмес иш стажы болгон;
3) I даражадагы медаль юстиция системасында 10 жылдан кем эмес иш стажы болгон адамдар сыйланат.
19. 18-пунктка ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Сиӊирген эмгеги үчүн» медалы менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү системасына катышкан жеке нотариустар жана адвокаттар сыйланат.
20. Юстиция органдарынын системасынын карамагына мамлекеттик орган өткөрүп берилген учурда, юстиция системасындагы иш стажына мурда иштеген мамлекеттик органдагы иш стажы кошулушу мүмкүн.
21. «Сиӊирген эмгеги үчүн» медалы төштүн сол жагына тагылат.
§ 6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
«Юстициянын мыкты кызматкери» төш белгиси
22. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Юстициянын мыкты кызматкери» төш белгиси Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жогорку сыйлыгы болуп саналат.
23. Узак убакка чейинки кынтыксыз кызматы, иштеги жогорку кесипкөйлүгү, юриспруденция чөйрөсүндөгү сиңирген эмгеги жана жетишкендиктери үчүн юридикалык адистиги боюнча 12 жана андан ашык жыл иш стажы болгондор Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Юстициянын мыкты кызматкери» төш белгиси менен:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлери;
2) юстиция органдарынын, сот системасынын, укук коргоо органдарынын, жогорку окуу жайлардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү сыйланат.
Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Юстициянын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйлоо жылына 5 жолудан ашык эмес берилет.
24. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Юстициянын мыкты кызматкери» төш белгиси менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук сыйлыктарын алган адамдар сыйланат.
25. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Юстициянын мыкты кызматкери» төш белгиситөштүн оң жагына тагылат.
3-глава. Сыйлыкка көрсөтүү тартиби
26. Юстиция органдарынын системасынын кызматкерлерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана башка уюмдардын кызматкерлерин сыйлоого сунуштар министрдин орун басарлары, Юстиция министрлигинин аймактык, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо боюнча комиссиясында андан ары кароо үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрине киргизилет.
27. Министрликтин комиссиясы бул сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кароосуна тийиштүү сунуштаманы киргизет.
Юстиция органдары менен кызматташтыкты чыңдоо ишине жана юстиция органдарынын системасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон адамдарды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сыйлыктары менен сыйлоо үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл:
1) Кыргыз Республикасынын юстиция министринин атына кызматкерди сыйлоо жөнүндө сунуш;
2) жамааттын чогулушунун протоколу, сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө чечим;
3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) паспорттун көчүрмөсү;
5) сыйлоо баракчасы;
6) резюме;
7) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин системасы менен кызматташуу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен негиздеме-маалымкат (Ардак грамота, «Кызматташтык салымы үчүн» медалы, «Укуктук агартуунун мыкты кызматкери» медалы, «Юстициянын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйлоо учурунда);
8) кызматташууну тастыктоо жөнүндө түзүмдүк бөлүмдүн сунуштамасы.
4-глава. Сыйлыктарды тапшыруу тартиби
28. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сыйлыктары салтанаттуу шартта сыйлануучунун жеке өзүнө тапшырылат. Ошол эле учурда сыйлануучуга сыйлыкка тиешелүү күбөлүк берилет.
29. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сыйлыктары министр, министр болбогон учурда министрдин орун басарлары, ошондой эле анын тапшырмасы боюнча юстициянын облустук жана шаардык башкармалыктарынын начальниктери тарабынан тапшырылат.
30. Кызматкердин эмгек китепчесине сыйлоо тууралуу жазуу жазылат, ал эми анын өздүк делосунда сыйлоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсү сакталат.
31. Сыйлоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүндө жүргүзүлүүчү атайын журналга катталат.
32. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сыйлыктарына татыктуу болгон адамдар алардын сакталышын камсыздоого тийиш. Сыйлыктар, ошондой эле алардын документтери жоголгон учурда сыйлангандар сыйлыктарга болгон өз укуктарын сактап калат.
33. Жоголгон медалдардын жана Ардак грамоталардын дубликаттары берилбейт.
Жоголгон документтердин ордуна Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сыйлыктарына документтердин дубликаттары сыйлануучунун дубликат берүү жөнүндө арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын юстиция министринин чечими менен берилет.